Кытайда бортунда 122 адам бар учак өрткө оронду (Видео)

467

Кытайда Tibet Airlines авиакомпаниясынын учагы учуп жатканда конуу тилкесинен чыгып кетип, күйүп кеткенин Синьхуа агенттиги жазды. Агенттиктин маалыматына караганда, кырсык кечээ, эртең мененки саат 8де (Бишкек убактысы боюнча 6:00) Кытайдын эң ири шаары Чунцин шаарындагы Цзянбэй эл аралык аэропортунда болгон. Басылманын маалыматына караганда, борттогу бардык жүргүнчүлөр эвакуацияланган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Кытайдын мамлекеттик борбордук телеканалы билдиргендей, учакта 122 адам болгон. Алардын 113ү жүргүнчүлөр жана 9у экипаждын мүчөсү. Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү.

Авариялык кырдаалга байланыштуу аэропорттун учуп-конуу тилкеси жабылды. Цзянбэй аэропортуна конууга тийиш болгон бардык учактар ​​Чэнду Шуанлиу аэропортуна багытталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь