Суусамырда депутат куткаруучулардын көз алдында агып кетти (ВИДЕО)

1 832

Суусамырда Чүй облусунун Панфилов районунун айылдык кеңешинин депутаты Бакир Исаков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин көзүнчө дарыяга агып каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын эжеси Назима Исакова билдирген.

Анын айтымында, Бакир Исаков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери менен биргеликте Суусамырдагы аралда тыгылып калган атын чыгарып кетмекчи болгон.

«Кайык оодарылып, алар сууга кулап кетишкен. Көрсө, иним ӨКМдин кызматкерин жээкке түртүп, өзүнүн арканы суу астында үзүлүп кетип, аны суунун агымы алып кеткен. Куткаруучулар өздөрүнүн кесиптешин гана эмес, агабызды да сактап калуу үчүн чара көрүшү керек эле деп ойлойбуз. Аны таба албай жаткандарына үч күн өттү. Бизге 23 куткаруучу тартылганын айтышты, бирок биз эки кайык менен төртөөнүн гана жүргөнүн көрдүк. Калган издегендердин баары биздин эл», – деди Назима Исакова.

Окуя 11-май күнү саат 09-10:00 аралыгында болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь