Түркмөнстанда коомдук жайларда кол кармашып басканы үчүн ондогон жуп кармалды

537

Түркмөнстандын Мары шаарында коомдук жайларда кол кармашып баратканы үчүн ондогон жуп кармалды. Полиция аларды салттуу үрп-адатты бузууга айыптоодо.

“Аялым экөөбүз үйдөн чыккандан көп өтпөй жаныбызга полициянын унаасы келип токтоду. Кызматкер биз полиция бөлүмүнө барышыбыз керектигин айтып, салып кетишти. Ал жерден бизди башка бөлмөлөргө киргизип, өз-өзүнчө суракка алышты”, – деп билдирди шаар тургуну.

Ага аялы экөө никеде экенин далилдөө үчүн туугандарына телефон чалып, Нике тууралуу күбөлүктү алдырууга туура келген. Буга карабастан полиция жубайларды салттуу түркмөн баалуулуктары тууралуу лекция угууга мажбурлаган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, шаарда полиция мындай “кылмыш” үчүн дагы бир нече жупту кармаган.

Тургундардын бири полиция бөлүмүндөгү лекциялар негизинен “аялдарга багытталганын” билдирди. Анын айтымында, полиция кызматкери менен белгисиз аткаминер аялдарды “күйөөсү менен кол кармашып баратканда адептүүлүк эрежелерин сактабоого жана “уятсыз боёнууга” айыптаган.

“Алар апаларыбыз мурда жылаңбаш жүрбөгөнүн, турмушка чыккандан кийин жоолук салынышыбыз керектигин айтышты. Мындан кийин көчөдө жакшы көрүү сезимибизди ашыкча көрсөтпөй тургандыгыбыз жөнүндө кагазга кол коюп бергенден кийин кое беришти. Полиция кызматкерлери эгер мындай көрүнүш дагы кайталанса олуттуу көйгөйлөр болорун эскертишти”, – деди ал.

Түркмөнстанда быйыл мартта бийликке Сердар Бердымухамедов келгенден кийин аялдарга карата көзөмөл күчөдү.

Апрелде полиция кирпик өстүрүп жана жасалма тырмак чаптап жүргөн ондогон аялды кармаган. Мындан тышкары тартип сакчылары көчөдө аялдарды токтотуп, ботокс жасаткан-жасатпаганын да текшерүүдө.

Жол полициясы жеке автоунаа ээлерин чоочун аялдарды унаага отургузбоого милдеттендирген. Мындан тышкары аялдарга автоунаалардын алдыңкы орундугуна отурууга тыюу салынган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь