Акылбек Жапаровду чоң салтанат менен тосуп алган министр түшүндүрмө берди (ВИДЕО)

3 833

Кечээ, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Таза-суу, таза аба, таза инсан, асман-көл”- ураан алдында 2022-жылкы – жайкы туристтик сезондун ачылышы болду.  Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Бир нече чиновникти добулбас уруп, улуттук кийимчендер чоң салтанат менен тосуп алышкан. Бул көрүнүш социалдык тармактарда талкуу жаратып, “жөнөкөй болушпайбы”, “орто кылымдагы бай манаптык көрүнүштү токтотуш керек” деген таризде пикирлер айтылып, Түркмөнстанга салыштыргандар да болду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов фейсбуктагы пикирлерге төмөндөгүдөй жооп берди:

“Жумурткадан кыр издебейли…Тосуп жаткан салбуурун командасы жана алп балдар көргөзмөгө туристтерди тосууга чакырылган. Ошол эле жерден Өкмөт башчы өтүп бара жатат. Жөн жерден ырбатуунун кереги жок…”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь