Президент КТРКны реформалоо боюнча мыйзамга кол койду

310

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш бул мыйзамды ушул жылдын 6-апрелинде кабыл алган.

“Документ Коомдук телерадиоберүү корпорациясын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына айландыруу аркылуу реформалоого багытталган. Анда телерадио уюмунун статусу, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде жана мамлекеттик маалыматтык саясатты ишке ашыруудагы ролу жана орду аныкталат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мыйзам ошондой эле редакциялык саясатты өз алдынча аныктоого, маалыматтык продукциянын (контенттин) сапатын жакшыртууга, корпорациянын башкаруу чечимдерин өркүндөтүүгө шарттарды түзүшү керектиги белгиленген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь