Путиндин 15 жыл мурунку сөзүн этибарга албай АКШ катуу жаңылды

13 943

Батыш Россия президенти Владимир Путиндин 2007-жылы Мюнхен конференциясында сүйлөгөн сөзүн этибарга албай катуу жаңылган. Баяндамачы Харлан Ульмандын бул тууралуу макаласы Hill гезитине жарыяланды.Автор россиялык лидер дүйнөнүн көп полярдуу болушу керектигин айтканына токтолгон.

“Мюнхенде өткөн коопсуздук боюнча конференцияда Путин “дүйнөнүн чордону” болуп алган АКШга багыттап жаалдана сүйлөгөн. НАТОнун кеңейишине каршылыгын билдирген. Путиндин сөзү жыйындын катышуучуларын абдан таң калтырса да жалпысынан айтылган нерсе айтылган жерде калган. Мына ушул чоң ката болгон”, — деп жазды Ульман.

Публицисттин айтымында, Россия президенти батыш лидерлеринин мындай көңүлкөш мамилесин сыйлабагандык катары кабыл алган.”Путин АКШ менен НАТО анын сөзүнө кайдыгер мамиле жасап эч таасирленген жок деп эсептеди. Президент ага чейин айтып-деп келген “Россияга карата Батыштын теңсинбеген мамилеси” кырдаалды курчутуп жиберди”, — деди Ульман.Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Путиндин Мюнхен конференциясындагы даңазалуу кайрылуусуна 15 жыл толду. РФ лидери анда АКШнын тышкы саясаты менен бир полярдуу дүйнө түзүлүшү боюнча идеяны катуу сындап, НАТОнун кеңейишине жана Чыгыш Европада Американын абадан коргонуу объектилерин жайгаштырууга каршы чыккан.Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга чейин Мюнхендеги кайрылуудан соң Батыштын бир полярдуу дүйнө түзүү оюнун келечеги жок экенин түшүнүүгө мүмкүнчүлүгү болгонун, бирок алар муну кулак сыртынан кетирип, натыйжада абал “кооптуу чекке” жеткенин айткан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь