СУУСАМЫР ДАРЫЯСЫНА АГЫП КЕТКЕН ДЕПУТАТ ДАГЫ ДЕЛЕ ТАБЫЛА ЭЛЕК

635

Бүгүн, 14-майда Суусамыр өрөөнүндөгү Суусамыр дарыясына түшүп кеткен 42 жаштагы Бакир Исаковду издөө иштери улантылат. Бул туурасында ӨКМнын маалыматында жазылат.

Маалыматына таянсак, 13-май күнү жерине издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМдан жалпы 25 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. Бирок натыйжа болгон эмес.

Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:00дө издөө убактылуу токтотулган. Бүгүн издөө иштери улантылат.

Эскерте кетсек, кечээ 13-майда Панфилов районунун айылдык кеңешинин депутаты Бакир Исаков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин көзүнчө дарыяга агып каза болгону тууралуу маалымат тараган.


Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь