Челленжге катышып каза болгон кыздын апасы Тик-Токту сотко берди

2 888

Америкада 10 жаштагы Нила аттуу кыздын апасы Андерсон Тавайна Тик-Ток социалдык тармагын сотко берди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Нила былтыркы жылдын декабрь айында Тик-Токто пайда болгон “муунуу ыкмасы аркылуу белгилүү убакытка эс-учун жоготуу” темасындагы челленджи аткарып жатып, эсинен танган. Апасы кызын уктоочу бөлмөсүнөн таап алып, дароо ооруканага жеткирген. Бирок Нила окуядан 5 күн өткөндөн кийин каза болуп калган. Мындан улам Ниланын апасы кызынын өлүмүнө толук түрдө Тик-Ток социалдык тармагы күнөөлүү деп эсептей турганын билдирген.

Буга чейин Тик-Токтун кыска видеолорду көрүү бөлүмүн иштеп чыккандар ата-энелер тарабынан көзөмөл орнотуу кызматын сыноодон өткөрүп жатышканын жарыялаган. Ошондой эле, колдонуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө карата чектөөлөр киргизилгени кабарланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь