Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

585

14-15-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдан маалымат таратышты.

Билдирүүдө жазылгандай, өлкө аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаап, мөндүр жаашы ыктымал.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь