“Эч качан эч кимге проблемаларымды айтпайм!”. Ийгиликтүү ишкер айым Дилноза Тапвалдиева (Сүрөт)

1 715

Бир эле учурда үй-бүлөсү менен катар бир нече жумушту ала кетип, ишкерлик менен алектенген айымдарды көрсөк бали, азамат деп суктанып коебуз. Ал эми ошол биз суктанган айымдардын катарын толуктаган бүгүнкү каарманыбыз бир эле учурда эки – үч кызматты аркалаган, ошондой эле үй-бүлөдө мыкты кожойке акылы менен сулуулугу төп келишкен Дилноза Тапвалдиева.

Дилноза Тапвалдиева учурда 32 жашта, Ош жергесинде төрөлүп өскөн. Мектепти да, Жогорку окуу жайын дагы кызыл диплом менен аяктаган. Учурда кыргыз-өзбек алакасындагы достук мамилени чыңдоо менен катар ишкерлердин ишин өнүктүрүүгө салымын кошуп келет.

– Дильноза айым алгач ишкерлигиңиз тууралуу кененирээк айта кетсеңиз? Учурда кайсы кызматтарды аркалап келесиз?

– “Датка холдинг” компаниясынын Кыргызстандын Өзбекстандагы соода жана туризм тармагындагы биринчи өкүлү, “Алянс-Пресс” эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору, Кыргызстан – Өзбекстан жаштары ортосундагы спорт иштери боюнча биринчи кеңешчиси катары өзүмдү тааныштыра кетсем болот.

– Бир жарым жыл ичинде жалпы Өзбекстандан 300дөн ашуун компанияны делегация катары чакырганбыз. Ал эми Кыргызстандан Өзбекстанга 100гө жакын делегацияны алып бардык. Бир жарым жыл ичинде кылган иштерибиздин акыбети кайтып, учурда 60тан ашуун кыргыз-өзбек компаниялары келишим түзүп иштеп жатышат.

– Курулуш материалдары, текстиль тармагы, химиялык тазалоочу каражаттар, турмуш тиричилик техникасы, Агросоода тармагында кыргыз-өзбек ишкерлери иш алып барышууда. Азыр Ошто, Бишкекте, Жалал-Абадда, Баткенде жолугушууларды өткөргөнбүз, жакын арада башка аймактарда да өткөрүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле кыргыз ишкерлерин Өзбекстандын бир нече аймагына алып барып, ишкердик боюнча жолугушууларды уюштурганбыз. Учурда Өзбекстандын 20 миңден ашуун ишкерлери менен тыгыз байланыштабыз. Аларга ортомчусуз эле түз чыга алабыз.

  • “Алянс -Пресс” маалымат агенттигине 2015-жылдан бери башкы директорлук кызматты аткарам. Бул медиада 8 өлкөнүн журналисттери бар. Алар кыргызча, өзбекче, орусча, англисче, французча тагыраагы беш тилде маалыматтарды ыкчам жана бейтарап түрдө чагылдырып турат.
  • Ошондой эле, Кыргызстан Өзбекстан жаштары, тактап айтканда Өзбекстандын Кыргызстанда окуп жаткан студенттери жана Өзбекстанда биздин окуп жаткан студенттердин ортосундагы достук мамилени чыңдоону көздөгөн атайын долбоорубуз бар. Ал жерде Биринчи Кеңешчи болуп дагы иштейм. Кыргыз-өзбек жаштарынын арасында спорттук иш-чараларды өткөрүп турабыз, ар кандай турнирлер болуп, жеңүүчулөргө ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар берилет.

– Кыргызстандын Өзбекстандагы тур боюнча биринчи өкүлү жана мындан тышкары “ТУР ПРОФИ СЕРВИС” деген Кыргызстандагы туристтик агенствонун директорумун. Учурда Кыргызстандын жарандары үчүн чет өлкөгө окууга жол ачып берип жатабыз. Өзбекстан дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү менен окуу келишимин түзгөн, окуйм деген каалаган жарандар Өзбекстанда 9 ай даярдык курстарынан өтүп, чет өлкөгө окууга жолдомо ала алат. Анткени аларда жаштарды колдоо долбоору демилгеленип, улутуна, жынысына карабастан окуу үчүн шарт түзүп беришкен. Биз Өзбекстан тарап менен бул келишимди түзүп, иштеп баштаганыбызга аз убакыт болду. Кыргызстандан бир нече жарандарды жөнөттүк. Жыйынтыгы эми байкала баштайт. Учурда окуйм дегендер болсо, бизге кайрылса болот, толук маалымат беребиз. Быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү да колуна аттестатты аларына аз калды, азыртадан бизге кайрылса мүмкүнчүлүк бар. Окууга кабыл алууда жаш өзгөчөлүгү каралбайт, 18 жаштан жогору колунда документтери бар адамдар тапшыра алат.

– Өзбекстандан Кыргызстанга туристтерди кабыл алабыз деп айта кеттиңиз, аларды Кыргызстандын кайсы аймагына алып барасыздар?

– Өзбекстандан Кыргызстанга өтө көп туристтер келет. Өткөн жылы 50дөн ашуун группаларды кабыл алдык. Бул деген 600-700 адам келди дегени. Алар Ысык-Көлгө, Абшыр-Атага, Чоң-Алайга, Арсланбапка келишти. Бишкекти айланганы да бир нече туристтер келишти. Аларга Кыргызстандын абасы абдан жагат, бардык келген туристтер сөзсүз тоого чыгышат.

Өзүңүз күбө болуп жүргөн инсан катары Кыргызстандагы тейлөө кызматынын абалы тууралуу айта кетсеңиз ?

– Бизден сервисден (кызмат көрсөтүү) проблема болот. Жакшы шарты бар мейманканалар аз, сервистерге кичине көңүл бурулган эмес, тазалык жагынан дайыма проблемалар болуп келген, ошол жагынан көп минус угабыз. Жөнөткөн мейманканаларга барып, аларга айтып түздөшкө аракет кылабыз.

– Ал биздин жарандардан Өзбекстанга эс алганы жана дарылануу үчүн барышат. Учурда Өзбекстандын медицинасы өнүгүп кеткен, жүрөктү дагы алмаштырышып жатышат. Ошондой эле курорттук жайлар атайы лечения алууга багытталган. Мисалы бут- сөөктөр ооруса атайы курорттук жай, нерв клеткалары үчүн атайы бардык шарттар түзүлгөн курорттук жайлар бар…Элдин суроо-талабына ылайык, биз турдан тышкары медициналык туризмди да жолго койгонбуз. Адамдын кайсы жери ооруп атат билип, алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, курортторго жөнөтөбүз.

Биздин байкашыбызча, сиз бир эле учурда бир нече жумуштарды аткарууга жетишет экенсиз? Энергияны кайдан аласыз?

  • Мени кичинемден бери эмгекчил болууга тарбиялаган өзүмдүн атам. Ал ар дайым адам канча аракет кылса, ошончо берекесин берерин эскертип турат. Атам көрсөткөн багыт менен келе жатам. Ошондой эле Мелис Мырзакматов менен дагы биргеликте иштешип калдык, ал киши дагы ар дайым колдоо көрсөтүп багыт берет. Ал кишинин өзгөчөлүгү ар бир кыргыз жаштары бир нерсени үйрөнүп, кайра элине кызмат кылса дейт. Анын тынбай иштегенин көрүп, өзүмө мотивация алам.

– Иш дегенде ичкен ашыңызды да коюп чуркачудай экенсиз, ал эми үйдө кандай кожойкесиз?

  • Жашоодо дагы, иште дагы устатым Алимбек Шакирович. Чоң ийгиликтерге жетишимдин себепчиси. Мен эң бактылуу аялмын сүйөнсөм тоодой күчтүү адамдарым бар. Үй-бүлөдөн колдоо болбосо аял кишинин өсүшү кыйын. Учурдан пайдаланып Мавлянов Алимбек Шакировичке рахмат айтып кетким келет. Мен дагы үйдө кадимкидей эле үй кожойкесимин, бардык аял заты кылган иштерди жасайм. Бирок аял заты өнүгүп турбаса болбойт, өлкөнүн келечеги кыздардын колунда деп айта алам. Анткени биздин ар бир алган таалим тарбиябыз, билимибиз, тажрыйбабызды кайрадан уул-кыздарыбызга жумшайбыз. Ош жергесинин айрым жерлеринде балдар-кыздарынын фамилиясын туура жазып бере албагандар бар. Пандемия учурунда өзүм күбө болдум. Ичимден капа болдум… Андыктан өлкөбүздүн келечеги үчүн кыз кишиге абдан маани берүү зарыл. Келечек урпакты тарбиялап өстүрө турган ошолор. Бул боюнча айта берсек абдан көп сөздөр бар, андыктан мен айтар элем кыздардын билим деңгээлине көтөрүүгө басым жасоо керек.

– Адамда ар дайым эле бардыгы ойдогудай боло бербейт? Кыйынчылыкты кантип жеңесиз?

– Туура айтасыз албетте кыйынчылыктар болот, болбой койбойт. Бирок мен оптимист адаммын. Эч кимге эч качан проблемаларымды же жетише албай калган маселелерим тууралуу эч качан бирөөгө айтпайм. Мен өзүм жеңишке аракет кылам. Мени сырттан көргөндөр эч кандай көйгөйү жок деп ойлошот, мен ошондой деп ойлошуна өзүм аракет кылам. Айтыңыздарчы биз бирөөгө айтканыбыз менен ал биздин проблемабызды чечип бербейт да. Бүгүнкү күндө кимдин эле көйгөйү бирөөгө зарыл дейсиң. Өзүңдү ичтей жеңип бирөөгө көйгөйлөрүңдү айта берүүнү токтотсоң утуш сен тарапта болот, жашооң да жеңилдей баштайт. Биз көйгөйлөрдү бирөөгө айтуу менен өзүбүз кыла албай калган иштен качып, башка нерсеге шылтайбыз.

Дилноза айым бизге убакытыңызды бөлүп, маек куруп бергениңиз үчүн рахмат, ишиңизге ийгилик!

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь