Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

999

Бүгүн, 21-майда кыргыз телесинин жүзү, Кыргыз Эл артисти Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты УТРКнын алдында өтүүдө.

Бүткүл өмүрүн телеге арнаган диктор 20-майда узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына бийлик жана маданият өкүлдөрү, кесиптештери, күйөрмандары, тууган-уругу катышып жатат.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы Ысык-Ата районунун Алмалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Ал кыргыз телесинин босогосун 21 жашында аттаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь