БУУ Украинада 3838 жайкын тургун каза болгонун билдирди

411

Орусиянын согуштук аракеттери башталган 24-февралдан 19-майга чейин Украинада 3838 жай тургун, анын ичинде 1454 эркек, 947 аял, 89 кыз жана 98 эркек бала, ошондой эле жынысы азырынча белгисиз 69 балдар жана 1181 чоң адам каза болгон. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси билдирди.

Жалпы 4351 карапайым тургун жаракат алган: анын ичинде 812 эркек, 553 аял, 103 кыз жана 116 эркек бала, ошондой эле жынысы азырынча белгисиз 164 балдар жана 2603 чоң киши.

Киев көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганск облустарынын аймактарында 1992 адам өлүп, 1872 киши жарадар болгон. Бул аймактардын Киев көзөмөлдөбөгөн аймактарында 127 адам каза болуп, 509у жарадар болгон, деп билдирет БУУ. Украинанын башка аймактарында 1719 адам каза болуп, 1970 адам жаракат алган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь