ДАНИЯР АКМАТОВ: МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕРГЕ БЛОКЧЕЙН ТЕХНОЛОГИЯСЫН КИРГИЗСЕК КОРРУПЦИЯГА БӨГӨТ КОЮЛАТ

1 952

Бүгүнкү биздин каарман Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин экс-директору, криптовалюталар жана блокчейн технологиялары боюнча эксперт, меценат, “Бий инвест” инвестициялык компаниясынын улук өнөктөшү, мамлекеттик мекемелерге “Блокчейн” технологиясын киргизүү программасынын автору Данияр Акматов.

Өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган Данияр мырза, мамлекеттик мекемелерге Блокчейн технологияларын киргизүү менен коррупцияга бөгөт коюларын айтып, учурда бул программасын ишке ашыруунун үстүндө жүргөнүн билдирди.

Сизди инвестиция жана криптовалюта тармагындагы жогорку деңгээлдеги адис экениңизди билебиз, мындай деңгээлге кантип жеттиңиз?

– Биринчиден, муну жалгыз ишке ашыруу мүмкүн эмес деп айткым келет.  Ата-энем, бир тууган агам менин Москвада билим алуума шарт түзүп, багыт беришти.  Андан кийин, мен тажрыйбасын, билимин сиңирүү үчүн туура устаттарды тандадым десем болот. Эгер сенин ийгиликтүү устаттарың болсо, анда сен да ийгиликтүү болосуң – бул формула ар дайым иштеп келет. Мага жардам берип, учурда да колдоо көрсөтүп жаткан менин легендарлуу устаттарымдын тизмеси: Чынгыз Айтматов, Сооронбай Дыйканов, Жим Желинек, Шамшибек Утебаев, Руслан Хасбулатов, Садыр Жапаров, Садыкбек Аблесов, Бекзат Усенканов, Мелис Мырзакматов

Криптовалюталар рыногун кандайча изилдей баштадыңыз?

-Мен Москвада баалуу кагаздар боюнча жогорку билим алгам, андан кийин Европа биржасында соодагер болуп иштедим. Бишкекке келгенден кийин, биздин рынок бири-бирине акцияларын саткан 10 компания экенин түшүндүм, бир сөз менен айтканда ал учурда эч нерсе өнүккөн эмес.  2015-жылы айылдагы туугандарымдын бири борбордон активдуу түрдө мүлк сатып ала баштады. Мен анын эмне иш менен алек болуп жатканына кызыгып көрсөм, криптовалюта менен алектенип жаткан экен. Ошондон тарта мен бул тармакты изилдеп, кийинчерээк криптовалютаны башкаларга үйрөтө баштадым.

Сүйүктүү ишиңиз, хоббиңиз тууралуу кеп кылсак.

-Мүмкүнчүлүк болсо дүйнө кыдырганды жактырам. Саякаттоо учурунда Кыргызстанда бул жердегидей эмнелерди ишке ашырууга болоорун анализдейм.  Мен ар кандай бизнес идеялардын, технологиялардын, рецепттердин аңчысымын. Англис тилинде эркин сүйлөйм, адамдар менен бат тил табышам. Эгерде маектешим көп сүйлөбөгөн адам болсо, же мени менен сүйлөшүүдөн баш тартса бул мен үчүн мааниге ээ эмес. Эч кандай кыжалат болбойм, бирок андан ары ал адамга болгон кызыгуум арта берет.  Университетте айткандай, тез үйрөнөм десең, жаш баладай кызыгүүңду күчөт, эгер кызыгууң жоголсо, анда сен дүйнө учүн жабыксың.

Сиз устатыңыз катары президентибиздин атын атадыңыз, Садыр Нуркожоевич менен кандайча таанышып калдыңыз?

-Аны менен жолукканга чейин мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошууну чечип, бир айдын ичинде Кыргызстанга блокчейн технологиясын киргизүү боюнча программа жаздым. 2 жыл бою бардык эшиктерди каккылап, өзүмдүн программамды карап көрүүнү сунуштадым, албетте терс жоопторду алдым. Анткени бул программа системадагы коррупциянын элементтерин түп-тамырынан бери жок кылат, алар айткандай “компьютер пара албайт”.  Акырында 2020-жылдын май айында «Мекенчил» партиясына кирүүнү чечтим жана 2020-жылдын августуна чейин иштедим, аналитикалык топко катышып, онлайн конференцияларда ZOOM программасы аркылуу бардык идеяларымды, сунуштарымды бөлүштүм. Август айында Ысык-Көлдө эс алууну чечтим, күтүлбөгөн жерден кечинде саат 23:00дө Садыр Нуркожоевич мага видеобайланыш аркылуу телефон чалды.  Экөөбүз көпкө сүйлөштүк, ал кызматташууну сунуштады, мен анын идеясына кубануу менен макул болдум.

Мелис Мырзакматов деп калдыңыз, ал кишини күчтүү кризис-менеджер катары тааныйбыз, экөңүздөрдү ушул тармак байланыштырдыбы?

-Кыргызда “Атаң өлсө да атаңды көргөн өлбөсүн”-деген жакшы сөз бар. Бул сөздүн мааниси чоң.  Атам менен Мелис байкенин учурунда тааныштыгы болгон, байке менен жолукканда дароо мага ишенип, устатым болуп калды.  Мелис байкеден үйрөнчү көп нерсе бар, өз тармагында ар тараптуу, максаттуу адис. Эң биринчи анын иш тартибин көрүп, штаттардагы жумушумду эстедим, ал жерде мен күнүнө 20 саат иштеп, 4 саат уктачумун, мен үчүн бул өтө оор болгон, бул нерсе Мелис байкеде күн сайын кайталанат. Ал мыкты бизнес аткаруучу, күчтүү кризис-менеджер ал адам менен бир командада иштөө жеңил жана ийгиликтүү. Мындан тышкары, ал Blockchain технологиясын ишке ашыруу боюнча менин программамды жактырып колдоого алды. 

Жашооңуздагы эң кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?

-Ата-энем 90-жылдары Москвада кандидаттык диссертациясын жактап, жатаканада жашачубуз. Ал учурда  5 жашта элем. Апам жумуштары чыкса мени курбусуна таштачу, анын мен теңдүү Маша деген кызы бар болчу, мен кичинекей арык бала элем, Маша менден чоңураак, бир аз толмоч кыз эле.  Бир жолу бөлмөдө жалгыз калдык, ал мени мойнумдан кармап, көтөрүп, караңгы жерге алып барып өөп, эч кимге айтпа деди.  Мага турмушка чыккысы келгенин айтчу, бирок мен дайыма кыргыз кызына гана үйлөнөм деп айтчумун, кичинемден ушундай патриот элем (күлүп).

Анан кыргыз кызына үйлөндүңүзбү?

-Ооба, кичинемде айткандай эле кыргыз кызына баш коштум, сүйүктүүм Жалал-Абаддын кызы.  Эки балабыз бар, бири-бирибизди жакшы көрөбүз.  Ушундай жубайга жолукканыма кубанам, бактылуумун.

Байлык деген сөздү кандай түшүнөсүз?

-Жашоомдо, ишим акчага байланыштуу болгону менен, байлык акча эмес экенин түшүндүм.  Байлык – эртең менен туруп, үй-бүлөң менен чогу эртең мененки тамактанууга олтуруу.  Байлык – бул бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден-соолукта болушу.  Байлык – ата-энеңдин сага болгон ыраазычылыгы. Байлык – бул саякаттоо, ар кайсы өлкөдө досторуңдун болушу. Байлык – мекениң, тилиң, туулуп өскөн айылың.  Байлык – бул өз мекениңде татыктуу жашоону ишке ашыруу. Байлык – бул балаңды кучагыңа алуу. Бул жашоодогу байлыктын мааниси мына ушулар, ал эми калганы маанилүү эмес.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь