“Дежавю” “антипрезиденттик” спектакль деп табылып коюга тыюу салынды (Видео)

353

КР Маданият министрлигинин комиссиясы Айтматов атындагы орус театрында “антипрезиденттик” спектаклди коюуга тыюу салды. Бул тууралуу драматург, спектаклдин автору Алишер Ниязов маалымат каражаттарына билдирди. Спектаклдин премьерасы бүгүн болмок.
 
Анын айтымында, “Дежавю” спектакли “антипрезиденттик” деп табылган. Сабыр аттуу спектаклдин каармандарынын бири акциянын жүрүшүндө президент болот. Комиссия бул спектакль азыркы президенттин беделин түшүрөт деп эсептейт.
 
Сабырдын ролун белгилүү актёр Болот Тентимишев аткарат. Ал эми спектаклди театрдын көркөм жетекчиси Акимбек Текешев койгон. 
 
«Бул орус театрынын сахнасында коюлган биринчи заманбап пьеса. Ал эми эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу театр цензурасы болуп калды»,-дейт Ниязов.


Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь