Министрлер Кабинетинин алдында Инвестициялык кеңеш түзүлдү

346

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин базасында Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңеш түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүн коргоо жана колдоо механизмдерин, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүдө кызыкдар тараптардын ишин координациялоо максатында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңеш мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда натыйжалуу диалогду камсыз кылуу максатында түзүлгөн туруктуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.09:34

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь