Москвада туугандары тарабынан сабалган 11 жаштагы кыз менен элчиликтин өкүлдөрү жолугушткан видео социалдык тармактарга тарады.
Өзгөн жамаатынын төрагасы Алтынбек Маматасанов Москванын Новомосковск административдик районундагы Кокошкино эс алуу айылында жашаган жабырлануучу тууралуу маалымат алганын белгилейт.
Элчиликтин кызматкери жана Өзгөн жамаатынын төрагасы аталган жерден кызды алып кетишкен. Кошунасы кыз бала багуучу болуп иштегени үчүн айына 8 миң рубль айлык алып жатканын айткан.
Азыр кыз Өзгөн жамаатынын төрагасы Алтынбек Маматасановдун үйүндө, ал кызды жакын арада ата-энесине жеткирип берерин айтты.