Филиппиндин Поллило аралынан Риалга багыт алган Mercraft 2 кемесинин бортунда өрт чыкканын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.
Маалыматка караганда, бортунда 142 жүргүнчүсү бар кеме өрт башталганда Риал портунан 500 метрдей алыс болгон. Сууга секире баштаган жүргүнчүлөргө дароо башка кеме жардамга келген. Акыркы кабарларда кеминде 7 адам каза тапканы айтылат.
Куткарылган 105 жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Издөө-куткаруу иштери уланууда.


