Тууну ыргытайын деп! Алматыда ырчылардын сахнадагы терс кылыгы сынга калды (Видео 18+)

7 737

Казакстанда белгилүү “Ирина Кайратовна” тобу менен Шиза каймана аты бар рэпер көрүүчүлөрдүн алдында уятка калышкан. Ырчылар сахнада адепсиз сөздөрдү айтып, Казакстандын туусун ыргытып жибергенге чейин барган деп жазат KAZ.NUR.KZ кабарчысы.

25-майда Алматыдагы “Балуан Шолак” сарайында жаш өнөрпоздордун концерти өткөн. Алар элдин көзүнчө микрофонго уят сөздөрдү айтып, бири элге мамлекеттик тууну ыргытууга аракет кылган. Бирок анын айланасындагы адамдар Шизанын бул аракетин артка кайтартып, анын колунан желекти тартып алышкан.

Концертке келген көптөгөн адамдар жана интернет колдонуучулар артисттердин кылыгын сынга алышууда. Алар жылдыздар сахнага мас болуп чыкканын белгилешүүдө.

“Ичишкен экен», «Уят, булар жаштардын жылдыздарыбы?», «Өзүн сыйлаган адамдар концертине барбай эле койсун» , сахна маданияты жок”, -деп пикир калтырышкан.

Ал эми Мамлекеттик катчы Эрлан Карин Алматыдагы концертте мамлекеттик желекти ыргытууга аракет кылган ырчыларга чара көрүүнү билдирген.

“Биздин желегибизге же башка символдорго шек келтирген аракеттер мыйзам чегинде жоопко тартылат. Анткени, мыйзам баарына бирдей. Өлкөбүздүн ар бир жараны мамлекеттик тууну урматташы керек деп эсептейм”, – деп жазган мамлекеттик катчы.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь