Жүктөлүп бара жаткан контейнер түшүп кетип, 3 адам каза тапты

6 593

26-май күнү Чоң-Алай районунун Ош–Сары-Таш–Карамык унаа жолунун 66-чакырымында, “Каздын тумшугу” тилкесинде “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын сүйрөткүчүндөгү контейнери карама-каршы жолдо келе жаткан “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаанын кабинасына түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 наристе 4 жаштагы А.Б. аттуу тез жардам кызматынын унаасында, 6 жаштагы А.А., 36 жаштагы Ж.У. эркек киши жеринде каза болгон жана 29 жаштагы эркек киши жабыркаган.

Жерине КР ӨКМнин 4 куткаруучусу тартылып, жабыркаган адамдарды жана каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь