Немец ырчысы “Сары-Ой” ырын кыргыз тилинде аткарды (Видео)

619

Өткөн аптада Бишкекте Германиянын De-Phazz джаз тобунун вокалисти Пэт Апплтон жеке концертин бергенин эркин журналист Айжан Сарыгулова билдирди.

Бишкекте жыл сайын өтүүчү Немис жумалыгынын алкагында ырчынын концерти Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өттү. Концерт башталар алдында конокторду Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил куттуктады.

Концерт бир сааттан ашык убакытка созулуп, анын жүрүшүндө ал англис, француз жана немис тилдеринде түрдүү джаз композицияларын аткарды. Ырчынын айтымында, ал Кыргызстанга келгенде кыргыз ырлары эмне жөнүндө экенин билгиси келген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь