Интеллектуалдык жактан бийик, конструктивдүү ой жүгүрткөн адамдарды баалаган биздин коногубуз, активдүү жаштардын бири блогер, жарандык активист, МИСС ОШ, Айсулуу Аскарбекова.
Айсулуу айым өзү жаш болсо да коомдук жашоого активдүү аралашып өз позициясын билдирип, айымдардын, жаш кыздардын укугун коргоп келет.
-Айсулуу айым сизди жарандык активист катары тааныйбыз, бул багытка аралашканыңызга эмне түрткү болду?
– Негизи өзүмдү Айсулуу Аскарбекова деп эле тааныштырам, бирок кээде спикер катары же респондент катары чакырышканда элге «Айсулуу Акарбекова блогер, активист же жарандык активист» деп тааныштырып калышат, анан ичимден демек мен ушинтип тааныштырууга татыктуу экенмин деп коем.

Азыр эстеп көрсөм мен мектептен эле активдүү болчумун, кыздардын укугун ошол кезде талашып, курбуларыма жардам берчү экенмин. Мектепте болот эмеспи шок балдар кыздарга тийишип, каттуу суйлөп же чачынан тарткылап капа кылышат, мен ошол мектеп кезден эле баарына жардам бере берчүмүн. Мен өзүмдөн эки, үч жаш улуулар менен окуганмын, мен окуган класстын жетекчиси мени өтө эле активная, шустрая деп чоңдордун классына которуп койгон экен, ошентип мен мектепти, университетти да эрте бүтүп калдым.
Акыркы он жыл аралыгында менин активдүү жашоом аябай кызуу болуп кетти, кыздарга байланыштуу темада кээ бир кыздарга ачык сүйлөө оорго турат, алар өз үй бүлөсүнөн, мектебинен, классташ досторунан уялат эмеспи, а мен болсо ошол жагдайларды ачык айтууга аракет кылам, анткени менин маселемди менден жакшы эч ким айтып бере албайт. Мен өзүмдүн маселемди жазып баштаганда фейсбук аркылуу каттар келе баштайт менде да ушул көйгөй бар болчу, ошодон улам мен өзүмдү гана эмес башка кыйынчылыктарга кабылган кыздардын да окуясын жазып жатыпмын, демек мен токтобошум керек, улантышым керек деп уланта берем.
-Ишиңизге же болбосо жеке жашооңузга байланышкан эсте калган кызыктуу окуялардан бөлүшүп кетсеңиз.
-Жаңы жумушка орношконума эки же үч күн болгондо, жыйын болуп калды, коллега кыздар “Төрөбек Осековичти чакырдыңбы?”- деп менден сураганда ал ким десем коллега кыздарым аябай күлүшкөн. Көрсө Төрөбек Осекович биздин начальник экен, мен аны унутуп калып ал ким дей берипмин.
Мен келгенден кийин эле жетекчи алмашкан. Бир жумадан кийин Төрөбек Осекович кетип Азизбек Ысакович деген жаңы жетекчи келип калды, мен болсо окууну жаңы бүткөн кызмын болгону 21 жашта, мындай официалдуу иште иштеп көргөн эмесмин, жетекчиге, коллегаларга кандай мамиле кылыш керек такыр билбейм. Жетекчибизди баары аты жөнүн толук айтып кайрылышат, мен аны байкабаган окшоймун, жыйында Азиз ака деп кайрылганмын, баары таң калып карап коюшкан, чогулуш бүткөн соң кыздар дагы күлгөн, жетекчини антпейт деп түшүндүргөн, бирок мен көнүп калганым үчүнбү азыр деле Азиз ака деп кайрыламын.
-Фейсбукта “бывшийым”, убагында турмушка чыкпаган кыздарга болгон коомдун басымын, көп сөз кыласыз, муну сиздин стереотипти сындырууга болгон аракетиңиз деп бааласак болобу?

-Албетте, бул тууралуу жазуу мен үчүн чыныгы ырахат тартуулайт. Негизи кыздуулар кыздарга сынтакпашы керек дейт эмеспи, бирок биздин коомчулукта кызы бары, жогу да кыздарга сынтагып, өйдөдөн карап сөз кылат. Мен 27 жаштамын турмушка чыга элекмин деп ачык эле айтам.

Ал эми бывшийым болсо бул чындык, мен сүйлөшүп жүргөн бир жигит менен түшүнбөстүктөр болуп сүйлөшпөй калганыбызда ал тууралуу жазгым келип жазгам, бизде турмушка чыга элек болсоң жигиттериң менен болгон мамилеңди ачыктабаганга аракет кылышат, анткени коомчулук аны терс кабыл алат, “турмушка чыкпай ар кайсыл балдар менен жүрөт” -деп. Аларга мен күлүп эле жооп берип коем, эгер мен жигиттер менен сүйлөшпөсөм кантип турмушка чыгам. Турмушка чыкпаган менден башка канчалаган кыздар бар, бирок алар мага окшоп ачык айтып кенен кесир жүрө албайт, аларды коом басынта берет, тий деп кыстай берет, үй бүлөсү да үйгө батырбай баштайт. Мага жеке каттан кыздардан ушунчалык көп каттар келет, аларды окуп төбө чачым тик турат. Биз коомчулук ушунчалык эки жүздүү болот экен, турмушка чыга элек кызды көрсө анын турмушуна кийлигише берет экен, анан ошол эле кыз макул деп ар кандай сөздөрдөн жадап турмушка чыгып кетет. Анан аз өтпөй ур токмоко кабылса аны айтпоого аракет кылышат. Күйөөсү урат экен десе «Ал өздөрүнүн турмушу, урса урат кайра жарашат, бирөөнүн жашоосуна аралашпагыла» деп. Мына ушундай эки жүздүү адамдардын кылык жоруктарын жазып, стереотиптерди сындырууга аракет кылып келем.
Бывшийым менен болсо жарашкам, бирок фейсбукта эл көнүп калганы үчүн дагы деле бывшийым деп эркелетип коем. Жакшы киши, мага чыдаса демек жакшы эле киши экен деп жүрөм. (күлүп).
–Өзүңүздү МИСС ОШ деп эсептейсиз ушул жөнүндө кеп кылсак.
-Бул лакап ат. Кыздарга шык-дем берүү же болбосо самооценкасын көтөрүү үчүн ойлоп тапкан лакап атым. Мен негизи фейсбукта ар кандай посттор менен стереотипти сындырууга аракет кылам, ошол менен кыздарды ар тараптуу колдогум келет. Бул лакап атты баары иштетсе болот. Сулуулук дуйнөсүндөгү сулуулук стандарттарга туура келбеген кыздардын боюна, салмагына карата ар кандай сын пикирлер айтылат эмеспи. Мен дал ошол бирөөлөр ойлоп тапкан стандарт эмес өзүм ойлоп стандарт боюнча өзүмө окшогон баардык кыздарды Мисс дегим келет. Мен ушул тууралуу спикер болуп жүрөм, айрыкча окуучулар арасында. Баарыбызга белгилүү болгондой жаш балдарда аео сезими жок ошол үчүң да алар бою узундарды же кыскаларды, арык же толуктарды ар кандай лакап аттар менен басынтып келишет, мен болсо ага көңүл бурбагыла, башкаларга лакап ат койбогула деп өз ойлорум менен бөлүшөмүн. Мени да мектепте классташтарым толуксуң дешчү бирок мен арданбайт элем, азыр деле капа болбойм. Өз мисалымда кыздарга шык бергим келет, мен толук болсом да ушундай ийгиликтерди жаратып келе жатам, демек ийгилик дене түзүлүшкө көңүл бурбайт ийгилик сиздин аракетиңизге гана байланыштуу деп айтат элем.

Коомчулука өзүңдү сулуумун деп кайталай берсең алар да сени сулуу кабыл алат. Мен мисалы Мисс Ош дей берип тааныш, досторум мени Мисс Ош деп чакырышат. Эгер ааламга мен толукмун деп өз проблемаларымды айта берсем элдер да мени ошондой кабыл алмак. Өзүңдү баалап, өзүңдү сыйлап турганда гана башкалар да сени дал ушундай кабыл алат.
-Атаңызга болгон мамилеңиз өзгөчө экенин билебиз, болочоктогу жолдошуңуз кандай сапаттарга ээ болушу керек?
Атам менин көзүмдүн кареги менен тең айланат, атам үчүн мен дүйнөдөгү эң сулуу кызмын. Мен ооруп калсам, кайгырсам соорото турчу атам. Мен ар дайым адекваттуу ата – эненин кызы экениме сүйүнүп келем. Менин ар бир тандоомду колдоп, коштоп турган атам. Атамдын сүйүүсүнөн улам мен өзүмдү аябай эле ээн – эркин алып жүрсөм керек. Атамды көпчүлүгү Аскар аке деп таанышат, анткени фейсбукта Аскар аке деп тамашалап жазып калам.
Кыз бала үчүн атанын орду аябай чоң, мен тилегим ар бир кыздын менин атамдай атасы болсо экен дейм. Баары эле атаңыз сиздин активдүүлүгүңүзгө кандай карайт деп сурайт, мен кээде кыйшык, кээде түз деп тамашалап калам. Эгер олуттуу болсо анда атам мени колдойт, өз кеңешин айтып турат. Атама азыр деле эркелей берем, атам да эркелете берет, кээде таарыныша кеткенде апам ортого түшөт, же атам өзү алдап көңүлүмдү көтөрүп коет.
Атам тууралуу фейсбука атайын жазам, башка аталар үлгү алсын, башка кыздар да үлгү алсын деймин. Кээ бир аталар аябай корс болушат, ошого кыздары ата деп бооруна кысып кучактай албайт, өз ойлорун айта албайт, ошол барьер жок болсун аталык мээримин ачык билдирсин дейм. Негизи биздин кээ бир жигиттер өз сезимдерин билдирүүдөн уялат , тартынат биз кыздар ошол сезимдерин ойготуш үчүн кыздарча эркелеп турушубуз керек. Атам менин айткандарымды аткарат, любой капризиме чыдайт. Ошого жолдошум да ушул жагынан атама окшош болсо дейм. Атам экөбүз кандай кыйын күндөрдү өткөргөнбүз, ошол күндөрү атам чыныгы мырзалык кылганын эстейм, болочок жолдошум да чыныгы мырзалык сапаттары болсо. Мен эрке болгонум үчүн жолдошум да мага чыдаган, оор басырыктуу, көрөгөч болсо.
-Ойун ачык айтып, тарсылдап жүргөн кыз экенсиз бир нерседен катуу уялган күнүңүз болду беле?
-Мындан беш жыл мурун бир жигит кофе ичели деп шаардагы кафелердин бирине чакырган, макул деп бардым. Кафеде жогоруда орундук жок, официант бизди подвалга чакырып калды. Кыйын болуп биринчи түшөйүн дедимби алдыга басып кеттим, аркамда мени чакырган жигит, анан башка коноктор бар болчу, тепкичти эми жууганбы же мен туура эмес басып алдымбы айтөр тайып жыгылып түштүм, алдымдан бир бала чыгып кармап калган, мени чакырган жигит аркамда таң калып эмне кылышын билбей калган. Ошондо аябай уялгам.
-Өзүн баалап, сүйгөн айым катары кыздарга кандай кеңеш бересиз?

Жаш кыздарга берээр сунушум алтын кыздар эл эмне деди, эмне деп ушак айтты, эмне деп күнөөлөдү деп көп ойлоно бербегиле. Же болбосо жигитим менен урушуп кеттим – деп кайгыра бербегиле. Бүгүн канча акча таптым, ата-эне бир тууганыма эмне белек кылдым, кандай жумуш үйрөнө алдым, кандай долбоор ойлоп таптым – деп ушундай ойлор менен кыжаалат болгула. Бу элдин оозунда элек жок экен, мисалы мени келбетиме карата ар кандай сын пикирлер айтылып келет эмеспи, мен анын баарын жеңип өткөм, ошого да азыр сиздер менден интервью алып отурасыңар, мага сын айткандардан эч ким интервью албайт, алар эч кимге кызык эмес.
Мен өзүмдү ушунчалык баалаймын, өзүмдөн эч нерсе аябайм, кымбат кафеде тамактана берем, кымбат буюмдарды кеңири ала берем, муну мен мактануу үчүн эмес кыздар өзүңөрдү сыйлагыла баалагыла урматтагыла деген мааниде айтып жатам. Кээде аялдар, кыздар өзүнө көңүл бурбай эле жакындарын ойлой берет экен, өзүн- өзү да ойлобойт. Ошол үчүн кыздарды өзүңөрдү сүйгүлө дей берем.