Крым астроному Александр Якушечкин эртең, 31-майда жер тургундарын абдан күчтүү метеориттик бороон күтүп турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«31-май күнү эртең менен жергиликтүү тургундарды укмуштуудай көрүнүш күтүп турат – чыныгы метеориттик агым, метеориттердин саны саатына 10 миңге чейин жетиши мүмкүн. Метеориттин активдүүлүгү болжол менен эки саатка созулат жана анын максималдуу убактысы 06:30 (Бишкек убактысы боюнча 09:30) деп болжолдонууда», – деди Якушечкин.
Эксперттин айтымында, бул көрүнүш жер шарынын батыш жарым шарында, Түндүк Америкада эң жакшы байкалат.
Якушечкин кошумчалагандай, метеориттер негизинен алсыз жана булуттуу болгондуктан, окуяны шаардын сыртында байкоо максатка ылайыктуу.