2010-жылкы Оштогу трагедиядан кийин Мелис Мырзакматов кыргыздын улуулугун даңазалап, “Кыргыз көчү” композициясын ордолуу Ош шаарына орнотту.
Бүгүнкү күндө аны Оштун ажары десе да болот. Кыргыз элинин көчмөн турмушу, тарыхы, маданияты түстүү таштар менен чагылып турат.

Тарыхтан маалым болгондой, Ош шаарынын төрт тарабында шаңкайган дарбазалары ошол кездеги шаар башчысы Мелис Мырзакматовдун чечкиндүү аракети менен Ош шаарынын тарыхый каалгалары кайрадан тикеленип, жамы журттун алкоосуна ээ болгон.

Анда кыргыз элинин кылымдар боюу басып өткөн жолу чагылдырылып, арка сыяктуу жарым айлампада түндүк орнотулган. Ошондой эле, Алымбек Датканын айкели коюлуп, эки четинде жолборстордун элеси орнотулган.
Түнкүсүн жарыктандырылып, айланасында көз жоосун алган кооз гүлдөр эгилген.


Маалыматтарга таянсак, Чыгыш дарбазасы курулганга чейин аталган жайдын акыбалы айтарлыктай жакшы болгон эмес. Стихиялуу базарлар, баш аламан жайгашкан чакан дүкөндөр шаарга кирип келе жатканда ирээнжитип турган. Мында ошондо 2011-жылы калаа башчысы Мелис Мырзакматовдун чечкиндүү аракети менен Чыгыш дарбазасы курулуп, «Кыргыз көчү» деп аталган монументалдык композиция менен жасалгаланган.
Ош шаары Чыгыш дарбазасы, «Кыргыз Кѳчү» монументалдык композициясын куруу учурундагы кѳз ирмемдер.



Ош шаарынына келген адамды эң алгач тосуп алган Чыгыш дарбазасы 2010-жылы башталып, 2012-жылдын 16-декабрында расмий түрдѳ ачылган.


Арканын бийиктиги 22 метр, ал эми Алымбек Датканын айкелинин бийиктиги 6 метрди түзѳт.


Чыгыш дарбазасын куруунун алдындагы макети.

