Ош шаарына көрк берген Барсбек-каган эстелиги (Тарых барактары)

489


(БАРСБЕК-КАГАН ЭСТЕЛИГИ)
Ош шаарынын батыш тарабы мурда “Батыш” кичи району деп аталган бул жерден Баткен, Ноокат, Исфана жана андан ары Тажикстанга же Араван тарапка, коңшу Өзбекстанга өтүүгө болот.

2011-жылга чейин түштүк борбордун батыш дарбазасы көрксүз эле. Ал эми Оштун шаарга келген ар бир коногу айланма жолду, кичи базарды жана бир топ таксисттерди гана көрүшчү.
Ошол учурда шаардын чыныгы ээси жана шаардыктардын кызыкчылыгынын сакчысы Мелис Мырзакматов келди. 2011-жылы мэр шаардын батыш тарабындагы кире бериш жерди кооз эстеликтер менен көркүнө чыгарды. Чоң пландоолордун жыйынтыгында бул жерге Кыргыз каганатынын негиздөөчүсү жана башкаруучусу Барсбек-кагандын эстелигин орнотуу чечими кабыл алынган.

Ага чейин Барсбек кагандын ким экенин Ош шаарынын тургундары көп билишчү эмес. Ал эми эстеликти орнотуу иштери башталганда шаардыктарды курулуштун жүрүшү гана эмес, Барсбек кагандын инсандыгы, анын өмүр жолу да кызыктырды.


Шилтеме:

VIII кылымдын башындагы көрүнүктүү саясатчы Барсбек каган Енисейдеги Кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү жана улуу башкаруучусу катары белгилүү. Ал кыргыз урууларын бириктирип, ошону менен кубаттуу жана күчтүү мамлекетти түзгөн.

Эстеликти орнотуу идеясы жөнөкөй, бирок ошол эле учурда жогорку деңгээлде пландаштырылган, бир эле учурда төрт маселени чечкен.

-Биринчиден, Барсбек кагандын эстелиги шаардын дагы бир көркүнө айланган.

-Экинчиден, эстелик – бул өз элиңдин өткөн тарыхын таанып-билүүгө, тарыхый эс-тутумун кайра жандандырууга, улутуң менен сыймыктанууга шарт түзөт.

-Үчүнчүдөн, эстеликти курууда бардык техникалык коммуникациялар параллелдүү жаңыланып жаткан.

-Төртүнчүдөн, бул архитектуралык комплекстин курулушу аяктагандан кийин унаа жүрүүгө ыңгайлуу болуп, жол кыймылы жакшырган.

Ошентип, Мелис Мырзакматовдун идеясы руханий байытуунун объектиси гана болбостон, Ош шаарынын тургундары жана коноктору үчүн практикалык ыңгайлуулук болуп калды. Бул белек 2011-жылдын 5-октябрынан бери белгиленип келе жаткан Ош шаарынын күнүнө карата тартууланды.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь