А. Аккулов: “Ош жашыл шаар болушу абзел”

275

Токой чарба жана геоэкология боюнча адис, география илимдеринин кандидаты, Ош шаардык кеңешинин «Улуттар Биримдиги» фракциясынын депутаты Абдижапар АККУЛОВ Ош шаарындагы экология жана жашылдандыруу көйгөйлөрүн токтолуп, аларды чечүү жолдорун айтып берди.

– Ошто сизди абдан күчтүү эколог, ар бир даракка ынталуу мамиле кылган адам катары билишет. Бул сиздин каалоңузбу же жөн гана кесиптик милдетиңизди аткарып жатасызбы?

– Бала кезимден бери эле жаратылышка жакын болуп чоңойдум десем болот. Атам «Жалпак-Таш» колхозунда чабан болгон, ошол чабандын уулу катары дээрлик мектепти бүткүчө чарбада чоңойдум. Биздин Жалпак-Таш айылы укмуш кооз жаратылышка бай айыл. Жайында малыбызды жайлоолоруна айдап барганда токой аралап, мөңгүлөрдү, тоолорду айланып өтүп, башкача айтканда жаратылыш менен аралышып эле чоңойдук. Ошондо түркүн-түстүү бак-дарактарга көп суктанып карачым. Анан мектепте окуп жүргөнүмдө токойчу болом деп алдыма максат койдум. Максатыма жеттим. Россияда токой чарба багытында билим алып, 1989-жылы Ошко келгенден кийин илимди, тагыраак айтканда географияны үйрөнө баштадым. Геоэкология боюнча илимий ишимди жактагам. Мунун баары жашоомдун маңызы болуп калды десем болот.

– Сизди Оштун ар бир дарагын, бадалдарын билет деп тамашалашат экен? Бул чындыкка дал келеби?

– Ош шаарында жашыл бак массивдерибиз сейил бактарда, аллеяларда же көчө бойлорунда дарактардын, бадалдардын түрлөрү өтө аз, жупуну десек болот. Көп түрдүү ландшафты түзө алган эмес экенбиз. Кайсы жерде кандай дарактын түрлөрү бар, кайсынысы канча жашап койду баарын баамдап жүрөм. Андыктан жашылдандыруу боюнча дагы бир топ сунуштарыбызды айтып атабыз. Шаарда ошол жашыл бактар өзүнчө бир көрктөндүрүүнүн, бир мындай ансамбли болуш керек. Мен бул тууралуу “Жашылдандыруу чарбасынын” жетекчилигине каталарды айтып келем. Бирок тилекке каршы, бул мекеменин башчылыгына компетенттүү профессионал адис келбейт экен. Ким бир кызматтан бошосо, ошону алып келип кое коюп эле келе атат. Бул нерсени депутат катары да ачык айтып келе атам.

Ал эми Оштун өсүмдүктөрүн жаңыртышыбыз керек, эксперимент кылуудан коркпошубуз керек. Ландшафтты эске алып, бак-дарактардын жана өсүмдүктөрдү олтургузуп Оштун колоритин түзүү зарыл. Негизги максатым – Сулайман Тоо, Ак-Бура, Мажүрүмтал деген 3 негизги символду жаңы деңгээлге көтөрүп калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү.

– Учурда Ошто Ак-Буураны реконструкциялоо жана жашылдандыруу долбоору жүрүп жатат, буга кандай карайсыз? Мындай долбоордун кереги бар беле?

– Бул долбоордун негизги кемчилиги адистердин (окумуштуулардын, практиктердин, экологдордун, географтардын) макулдугусуз иштелип чыккандыгында. Жөн эле пиар же коррупциялык иштер менен башталган долбоор болуп кетти. Натыйжада бул долбоор бүгүнкү күндо токтоп калды. Шаардын казынасынан 120 миллион сом мыйзамсыз чыгымдалган.

Негизи эле бул долбоордо Ак-Буура дарыясынын табигый экосистемасын, тарыхый байланышын, көрүнүш келбетин сактап калуу деген идея жок. Биз бүтүндөй Ак-Буураны бир чоң каналга айлындырып сала жаздадык.

Экинчи этапта биз өзүбүздүн оюбузду айтып, бул долбоорду ишке ашырууда оор техникалар колдонулбасын камсыздадык. Дегеле көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт дегенден кийин, Ак-Бууранын экосистеманы бузууга эмес, атайын көрктөндүрүүгө жумшалышы керек.

Демек, бул долбоор “Ак-Бууранын” бир бөлүгүн талкалап салганбы?

– Бул долбоор мэр Сарыбашевдин тушунда башталган, бүгүнкү күндо кылмыш иши козголгону тууралуу кабарыбыз бар. Экологиялык мыйзамдар одоно бузулганын айтып кетпесек болбойт. Балырлар, балыгы, бакасы жыланы жана башкасы аны менен катар бак-дарактардын жок кылынышы жээктеги экологиялык системанын бузулганы үчүн экологиялык мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликти карашабыз керек.

Мен таң калам мамлекеттик экологиялык кызматтагылар ушул проектке кандай кортунду берип коюшту болду экен деп. Мыйзамга каршы аракет болгону көз көрүнөө байкалып турат.

Менин суроом, кыйраган бак-дарактар ​​менен өсүмдүктөргө компенсация төлөндүбү? Бул суроолорго эч ким жооп бере албайт. Эми тергөөчүлөр ачыкташ керек.

– Ал эми Ош жашыл шаарга айланышы үчүн эмне кылуу керек?

– Бизге Ош шаарынын климаттык өзгөчөлүктөрүн, суунун жана кыртышынын минералдык курамын эске алуу менен шаарды жашылдандырууга багытталган проект керек. Жогоруда айткандай, Ошто тамыр жайып калган жергиликтүү бак-дарактардын түрлөрүн көбөйтүү керек. Ар бир дарак кайсы жерге отургузула турганын так такташ керек, туш келди олтургуза бергенге болбойт.

Анткени, экосистема бул бүтүндөй илим, баарын эске алуу керек, кайда бийик бактарды отургузуу керек, кайсы жерде бадалдарды отургузуу керек. Мындан тышкары бак-дарактардын жаңы түрлөрүн, өзгөчө декоративдик түрлөрүн алып келүүгө эмнеге болбойт.

Эң кызыгы, Жашылдандыруу чарбасынын, мэриянын отчетун уксаң, жүздөгөн миңдеген көчөттөрдү олтургуздук дейт. Бирок эмне үчүн Оштун бак-дарактарынын курамы, сапаттык сандык жактан да өтө жупуну начар. Демек курулай отчеттерду берип жактандыгынан кабар берет. Эгер ошол отчеттор, маалыматтар туура болгондо Ош бүгүнкү күнгө чейин аябай бир жашыл шаар же жунглиге айланып кетмек деген сөз бекеринен чыккан жок да.

Атайын көрктөндүрүү үчүн бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды көзөмөлгө алуу зарыл.

Мына бир мисал. Быйыл жазында Ошко Өзбекстандан 11 000 “павлония” көчөттөрү сатылып алынып, баары бир күндө отургузулду деп катуу жар салынган! Бирок жөжөнү күздө санайт демекчи, эми күздө санайбыз. Ар бир көчөт үчүн алардан отчет сурап, маалымат угабыз деп турабыз.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь