Бишкекте 300 автобус мэриянын карамагынан чыгарылат

203

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын территориясын бошотуу үчүн эски автобустарды эсептен чыгаруу башталды. Бул тууралуу kaktus.media сайтына Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы билдирген.

Бардык документтер муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнө тапшырылган. Ал комиссия түзүп, анын биринчи жыйыны бүгүн өтмөкчү. Чогулушта автобустардан арылуу маселеси: аукциондо сатылабы же эсептен чыгарылабы, ошол чечилет.

«300 автобустун документтерин даярдап койдук. Мэриянын карамагында 476 автобус болсо, анын 85-100ү гана ишке жарактуу», – деп билдирген бөлүм башчысы Максат Нусувалиев.

Белгиленгендей, шаар 1200-1500 автобуска муктаж. Азыр 90 муниципалдык жана 100 жеке автобус, ошондой эле 130 троллейбус каттамда жүрөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь