Республикалык штаб кыргызстандыктар ПЧР-тести жок бара алган өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Ага ылайык, КМШ өлкөлөрүнөн Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Орусияга киргенде ПЧР-тест талап кылынбайт.
Мындан тышкары Грузия, Түркия, Кипрге кирүүдө ПЧР-тест же антиген анализинин жыйынтыгын көрсөтүүнүн кажети жок.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда ПЧР-тесттин болушу тууралуу талап 2022-жылдын 1-майынан тарта жоюлган.