Автобус жана троллейбустарда накталай төлөм жүргүзүүгө уруксат берүү каралууда

177

Бишкек шаарынын коомдук муниципалдык транспортунда, тагыраагы, автобус жана троллейбустарда накталай төлөм жүргүзүүгө уруксат берүү каралууда. Бул тууралуу Транспорт департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу билдирди.

Анын айтымында, кеңешмеде автобус жана троллейбустарда жол кире акысын накталай төлөм жүргүзүүгө уруксат берүү сунушталган. Азырынча чечимдер чыга элек.

Ошондой эле ал накталай төлөм жүргүзүүгө уруксат бериле турган болсо, жол кире акысында айырмачылыктар болорун эскертип, башка коңшу өлкөлөрдө дагы мындай айырмачылыктар бар экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаардык мэриясынан 1-июлдан тарта автобус, троллейбустарда накталай төлөмдөр жокко чыгарылары кабарланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь