Акылбек Жапаров: казиного уруксат берилгенден кийин жашыруун кумарканалардын баары жабылат

249

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында кумарканаларды кайра ачуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин өкмөт 123 млрд сомдук антикризистик пакет кабыл алганын белгилейт.

“Анын ичинде оюн-зооктон каражат алабыз деген эсептөөлөр менен келип, сиздердин алдыңыздарда отурабыз. Эртерээк мыйзам долбоорун колдоп берсеңиздер, быйыл 1 млрд сомдон 2 млрд сомго чейин киреше алабыз”, – дейт ал.

Акылбек Жапаров буга чейин казино иштеткендерди Ички иштер министрлиги калкалап келгенин моюндады. Ал казино ачууга уруксат берилгенден кийин жашыруун иштеп жаткан кумарканалардын баары жабыларын белгиледи.

“Мурда ИИМ калкалачу, азыр калкалабайт, УКМК калкалабайт, мен калкалабайм. Казинону биз ачпайбыз, келген инвесторлор иштетет. Чет мамлекеттин жараны гана келип ойногудай шарт түзүп жатабыз. Эгер талаптарды аткарбагандар болсо, камаганга чейин барабыз“, — деди Жапаров.

Казиного уруксат берүү мыйзам долбоору кабыл алынып калса, оюн-зоок жайына чет элдик жарандар гана киргизилип, кыргыз жарандарына кирүүгө тыюу салынат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь