Жо Байден: “Дүйнө жаңы пандемияга даярданышы керек”

176

АКШнын президенти Жо Байден Ак үйдөгү брифингде дүйнө жаңы пандемияга даярданышы керек деди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Америкалык лидердин айтымында, бул үчүн «көп акча» керек болот.

“Экинчи пандемияны пландаштыруу үчүн бизге көбүрөөк акча керек. Дагы бир пандемия болот. Биз алдын ала ойлонушубуз керек. Бул үчүн акча керек”, – деди Байден журналисттердин COVID 19 менен күрөшүү долбооруна кошумча каржылоо тууралуу суроосуна жооп берип жатып.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, АКШда коронавирустун курмандыктарынын саны миллиондон ашты. Бул көрсөткүч боюнча мамлекет башка өлкөлөрдөн алдыда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь