Казакстанда 45 градуска чейин күн ысыйт

156

Казакстанда 23-25-июнь күндөрү катуу ысык болуп, ошол эле учурда күн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт, мөндүр жаашы да мүмкүн, деп билдирет Казгидромет.

“Жакынкы үч күн ичинде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында түндүк циклонунун ойдуңунун өтүшү менен туруксуз аба ырайы сакталып турат – жаан жаап, күн күркүрөшү, катуу шамал болуп, мөндүр жаашы күтүлөт. 23-24-июнда түштүк-чыгышта, 25-июнда түндүк, түндүк-батышта нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 23-июнда күндүз Атырау облусунун түштүгүндө, 23-24-июнда Актөбө облусунун түштүгүндө, 24-июнда Костанай облусунун түштүгүндө, 23-25-июнда Караганды облусунун түштүгүндө өтө катуу ысыйт – +40 градус, 24-25-июнда Кызылорданын түштүгүндө, 25-июнда Түркстан облусунун чөлдүү райондорунда +45 градус, 25-июнда Жамбыл облусунун түштүгүндө +43 градус ысык болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь