Кара-Балтада аялдын башы жок жансыз денеси табылды

238

Кара-Балта шаарында аялдын башы жок жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 21-июнда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө шаардын көчөлөрүнүн бириндеги дренаждык түтүктөн аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам топ зомбулуктун белгилери менен өлтүрүлгөн жана башы жок аялдын жансыз денесин табышкан.

Манжа издерине караганда, өлтүрүлгөн адамдын болжолдуу өздүгү такталып, ал 1975-жылы туулган А.А. экени айтылды.

Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, маркумдун тааныштары такталууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь