Кыргызстанда метан газын куюучу станцияларды куруу пландалууда

177

Кыргызстанда метан газын куюучу жайлардын инфраструктурасын түзүүгө 300 млн доллардык инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын Инвестициялык агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Бул долбоор агенттиктин директорунун орун басары Нуржан Бардиновдун Carousel Bio Energy компаниясынын негиздөөчүсү Жафар Хилали менен жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда табигый метан газын куюучу станцияларды куруу, ошондой эле транспортко газ баллондук жабдууларды орнотуу, мотор майын өндүрүү боюнча тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды, деп белгиледи агенттик.

Бул долбоорду ишке ашыруу – айдоочулардын күйүүчү майга кеткен чыгымдарын азайтып, экологияны сактоого оң таасирин тийгизет. Долбоордун алдын ала баасы 300 млн долларды түзөт.

Carousel Bio Energy сайтында бул Лондондо жайгашкан таза энергия менен соода кылуучу компания экени айтылат. «Дүйнө айлана-чөйрөгө көбүрөөк кам көрө баштады, биз да альтернативдик энергия булактарын камсыз кылуу менен, казылып алынчу отундарды колдонууну азайтууга жардам бергибиз келет», – деп белгилейт компания.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь