Кытай чөлдө темир жолду ишке киргизди (видео)

292

Кытай дүйнөдө биринчи жолу чөлдө темир жолду ишке киргизди. Ал өлкөнүн түндүк-батышынан Такла-Макан чөлүнөн өтөт.

Табигый ландшафттын татаалдыгына байланыштуу темир жолдун курулушу үч жарым жылга созулган. Айланма жолдун узундугу 825 чакырымды түзөт. Буга чейин жолду кум бороонунун таасиринен коргоо үчүн беш көпүрө курулуп, кумду турукташтырып катуу жер кыртышын пайда кылуу үчүн 13 миллион бадал жана бак-дарак отургузулган. Поезддин ылдамдыгы саатына 120 километрге чейин жетет.

Өлко бийлиги билдиргендей, темир жолдун ачылышы аймактагы фирмалык товарлардын, анын ичинде пахта, жаңгак, курма жана минералдардын логистикасын жеңилдетет.

“Бул оңой долбоор болгон жок. Жумушчулар тынымсыз кум бороонуна дуушар болуп жатышты. Жолдун 65 пайызы чөлдүн ичинен өтөт. Темир жол үзгүлтүксүз иштеши үчүн анын жолуна кум кирүүгө жол бербеш керек, анткени кыймылга коркунуч туудурат”, — деди Синьцзянь темир жолунун парткомунун секретары Ван Цзиньчжун.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь