Түркияда “ала жипти аттады” деп кыргыз аялды күйөөсү өлтүрдү

2 173

Түркиянын Гиресун провинциясында жол жээгиндеги токойдон аялдын жансыз денеси табылды. Haberturk агенттигинин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге келген полиция аялдын башына жана далысына тийген октон улам каза болгонун аныкташкан. Окуя болгон жерди кароодон кийин аялдын сөөгү мамлекеттик оорукананын өлүкканасына жеткирилген.

Маркум түрк жараны менен никеде жашаган 1982-жылы туулган Кыргызстандын жараны Керемет Н. экени такталды. Каза болгон аял менен диний никеде жашаган Метин А. кармалып, аны кармаган учурда жанынан лицензиясы жок курал алынган. Адам өлтүрүүгө шериктештик кылган делип дагы бир шектүү Хайрулла Ч. кармалды. Ошондой эле аялдын Тиреболу аймагында өлтүрүлүп, Герелге жеткирилип, токойго таштап кеткени аныкталды.

Жабырлануучунун күйөөсү Керемет үч баланын энеси экенин, алардын бири өзү менен никеде төрөлгөнүн айтты. Ал кызганычтан улам “ала жипти аттаганы үчүн” өлтүргөнүн мойнуна алган. Андан соң маркумдун сөөгүн унаасы менен жети чакырым алыстыктагы башка аймакка жеткирип, таштап кеткен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь