“Ыйлабаң да, күлбөң да”. Камчыбек Ташиев депутатты кагып салды (ВИДЕО)

1 193

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйынында депутат Кундузбек Сулаймановду кагып салды.

Сулайманов Теңиз Бөлтүрүк Кумтөрдүн акчасын өлкө жетекчилиги менен кеңешпей туруп эле бөлүштүрөрүн айткан.

Мамлекетке түшө турган каражатты ар кайсы жакка салып жаткан кээ бир азаматтардын айынан азыр минтип отурабыз. Эл алдында “мындай мыйзамды кабыл алба” дегенине карабай, “каргайын десем жалгыз балам, каргабайын десем байкуш балам” болуп баарыбыз аракет кылып жатабыз. 50 миллионго чейинки каражатты көрбөй калып жатасыздар. Сиздер менен кеңешпейби алар“, — деди депутат.

Буга Ташиев “акча чачылып жатканын көрбөй жатат” деген пикир туура эместигин айтты.

“50 миллион доллар уурдап атыптыр, көрбөй жатасыңар дегениңер туура эмес. Биз баарын көрүп турабыз. Президент “Кумтөрдү” текшерүү боюнча Эсеп палатасын дайындаган. Биз дагы текшерип бүтөйүн деп калдык. Баятан бери эки-үч жолу тиякты карасам ыйлайм, биякты карасам күлөм деп айтып жатасыз. “Ыйлабаңыз, күлбөңүз, добушуңузду да бербей эле коюңуз. Конкреттүү бир чечимге келиңиз, кыйналып жүрө бербей”, — деп жооп берди Ташиев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь