Hyundai Porter сууга түшүп кетти (ВИДЕО)

282

21-июнь күнү саат 15:05те КРнын ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын байланыш номерине түшкөн маалыматта Hyundai Porter үлгүсүндөгү унааны суудан чыгарууга жардам сурап кайрылышкан.

Маалым болгондой, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жанындагы автоунаа токтотуучу жайда турган жеринен, жанынан агып өткөн Увам каналына Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кеткен.

Жерине саат 15:17де Ош шаардык куткаруу кызматынан турган 4 куткаруучунун жардамы менен унаа чыгарылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь