Аялды өлтүрүп, башын кесип салган шектүү адам кармалды

198

Кара-Балтада 47 жаштагы аял кишини мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү чогуу жашаган аялды өлтүрүп, денесинин ар кайсы жерине 10 жолу бычак менен жаракат келтирип, андан соң башын кесип, денени шаардын көчөлөрүнүн бириндеги дренаждык каналга ыргытып салган. Ал эми башын дренаждан 200 метр алыстыктагы жерге көмүп салган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал киши колдуу болгон 1976-жылы туулган К.Н.нын чогуу жашаганы болуп чыкты. Шектүү Жалал-Абад облусунун аймагында жашырынып жүргөн.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, шектүү кызганычтын негизинде өлтүрүп салган.

Шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өлтүрүлгөн адамдын башын көмгөн жерди көрсөткөн. Ал Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.


Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь