Жазуучу Асыкбек Оморовдун эки жаңы китеби жарык көрдү

142

Жазуучу Асыкбек Оморовдун эки жаңы китеби жарык көрдү. Бет ачар аземге чыгармачыл  чөйрөнүн өкүлдөрү, маданият ишмерлери, студенттер катышты.  “Башат” жана “Уютку” эмгектеринде адам баласы пайда болгондон берки тарыхый маалыматтар камтылган. Бул эмгек үчүн автор 43 мамлекетте болуп, археологиялык изилдөөлөрдүн корутундуларына, архивдик материалдарга таянган. Буга чейин Асыкбек Оморовдун “Атилла”, “Чыңгыз хан”, “Темирлан” эмгектери жарык көргөн.

Автордун айтымында “Уютку” китебинде Адам атадан берки жалпы дүйнө жүзүндө жашаган адамдардын тарашы жөнүндө кеп болот. Ал эми “Башат” китебинде 4 миллиард  527 миллион жылдан бери жер планетасы кандай пайда болгондугу тууралуу баяндалган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь