Нургазиев каналынын башталышы Өзбекстанга өтүп кетет деген коркунуч болууда – депутат

274

Кадамжай районундагы М.Нургазиев атындагы каналдын башталышы Өзбекстанга өтүп кетет деген коркунуч болууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын сөзүнө таянуу менен депутат Ырысбек Атажанов парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, делимитация жана демаркация боюнча комиссия өткөн аптада Кадамжай районунун Пүлгөн айылынын тургундары менен жолугушкан.

«Пүлгөн айылы кошуна Өзбекстан менен чектешет. Бул айылдан райондун айрым айыл өкмөттөрү пайдаланып жаткан М.Нургазиев каналы өтөт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, М.Нургазиев атындагы каналдын туннелинин башталышы Өзбекстанга өтүп кетип жатат деген коркунуч пайда болуптур. Келечекте эч кандай көйгөй жаралбашы үчүн комиссия жергиликтүү тургундар менен биргеликте иш алып барышы керек», – деди депутат.

Маалымдама, Нургазиев каналы толугу менен Кыргызстандын аймагында жайгашкан жана Кыргызстандын аймагы аркылуу гана агып өтөт. Нургазиев каналы Кадамжай районундагы Ак-Суу дарыясынан бөлүнүп чыгып, Кадамжай шаарынын Пүлгөн, Жаңы-Жер айылдарынан, Халмион, Алга айыл аймактарынан, ал эми каналдын туннели, Өзбекстандын Фергана районунун Водил айылынын түндүк тарабында, мамлекеттик чек ара сызыгынан 150-200 метр алыстыктан өтөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь