Ооганстанда табигый кырсыктан 1,5 миң адам каза болду

140

Ооганстандагы жер титирөөнүн кесепетинен дээрлик 1,5 миң адам каза болуп, 2 миң адам жаракат алган. Бул тууралуу “Аль-Жазира” телеканалы “Талибан” кыймылынын өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди. Буга чейин 1 миңге жакын каза болуп, 1,5 миңдей жараат алганы кабарланган.

Жер титирөө 22-апрелге караган түнү Пактика, Хост, Лагман, Газни, Логар жана Кабул провинцияларында болгон. Жергиликтүү бийликтер жер титирөөнүн күчү 6,1 балл деп баалады. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, кеминде эки жер титирөө болгон: күчү 5,9 жана 4,5 балл. Бир нече жүз үй талкаланып, Хост провинциясында эле 600 үй талкаланган.

Талибдердин жетекчилиги жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 1,1 миллион доллар бөлүүгө макулдугун берди. Ооганстандын эмири жана Талибандын башчысы Хайбатулла Ахунзада эл аралык коомчулуктан, ошондой эле кайрымдуулук жана гуманитардык уюмдардан бул трагедияга байланыштуу Ооганстан элине жардам берүүнү суранды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь