Эки жаштагы наристени сабаган жаранга сот өкүмү чыкты

154

Александр Самаркин эки жашар Егорду сабаган деп айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылды.

Бүгүн, 23-июнда Сокулук райондук сотунда судья Манасбек Кулмурзаевдин төрагалыгы алдында отурум өттү. Тараптардын пикирин угуп, судья Самаркинди 1-берене боюнча күнөөлүү деп таап, кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Кыйноо») менен беш жылга эркинен ажыратылды.

Эске салсак, Сокулук районунда эки жаштагы Егор атту бала катуу сабалган. Бул иш боюнча Александр Самаркин шектелип кармалган. Егордун апасы Алена Чумакова соттолуучуну колдоп көрсөтмө берип, кийин Самаркинден корккондуктан ушундай кадамга барганын билдирген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь