Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө (Скрябин көчөсүнө жакын) Toyota Ist унаасынын айдоочусу скутер менен бара жаткан курьерди сүзүп кетти. Окуя саат 13:25те болгон.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, унаанын айдоочусу бурулуп бара жатып скутерге тийген. 22 жаштагы скутердин айдоочусу аман, денесинин сол тарабынан жаракат алган. Ал ооруканага жеткирилген.