6 адамдын өмүрүн алган кырсык. Айдоочу камакка алынды

441

24-июнь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Кыштак айылында “Хово” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаасы жөө жүрүүчүлөрдү басып калган.

Бул жол унаа кырсыгы жөнүндө маалымат Ош ШИИБнын маалыматтарды эсепке алуу журналына катталып, окуя болгон жерге Ош ШИИБдин жетекчилиги менен тергөө-ыкчам тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү материалдар жыйналган.

Саат болжол менен 08.30 чамасында, айдоочу 25 жаштагы Т уулу Б, өзүнүн “Хово” үлгүсүндөгү автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй жолдун экинчи тилкесинде айдап бара жатып,ал көчөдө жайгашкан курулуш матераилдарын сатуучу дүкөндүн тушуна келгенде, анын астында жөө жүргүнчү ташуучу кичи автобус чыга калгандыктан, ал автоунаасын оң тарапка алып качып, рулдук башкаруусун башкара албастан, автожолдун оң четине оң капталы менен оодарылып кеткен. Ал кузовунда жүктөп алып бара жаткан болжол менен 28 тонна көмүр төгүлүп, жолдун четинде турган жөө жүрүүчүлөрдү басып калгандыгы аныкталган.

Аталган жол кырсыгынын натыйжасында, төмөндөгү көрсөтүлгөн атуулдар каза болгон:

1993-жылы төрөлгөн А. У. Р кизи, анын кызы, 2018-жылы төрөлгөн М. Т. А, уулу 2021-жылы төрөлгөн М.М.А , 24 жаштагы кош бойлуу аял Н. О. Ж; анын кызы 10 жаштагы Н. Р. А, 11 жаштагы кыз О. Г. Х.

Каза болгон атуулдардын жансыз денелерине медициналык кароо (скрытья) жүргүзүлүп, “Хово” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу Т. уулу Б Ош облустук наркологиялык борборунан күбөлөндүрүүдөн өткөрүлгөн. Ал соо абалда болгондугу тастыкталып, ал окуя тууралуу суралган. Андан сырткары, “Хово” үлгүсүндөгү автоунаанын жүргүнчүсү 20 жаштагы Т. уулу А да суралган.

Текшерүү учурунда Ош ШИИБ окуя болгон жер Кара-Суу РИИБдин аймагы жана аймактык караштуулугу боюнча чогултулган материалдарды Кара-Суу РИИБне ошол эле күнү өткөрүп берген.

25-июнь күнү аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 312-бер. 3-бөл. негизинде кылмыш иши козголуп, айдоочу Т уулу Б шектүү катары суралып, Кыргыз Республикасынын КЖПК 96-бер. негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь