“Адамдар каза болгон”. Колумбияда “коррида” оюндарын өткөрүүгө тыюу салынды

274

Колумбиянын жаңы шайланган президенти Густаво Петро Эспиналь шаарындагы каргашалуу окуядан кийин өлкөдө “коррида” (бука менен адамдын кармашын чагылдырган оюн) сыяктуу көңүл ачуучу оюндарды өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

“Биз буга окшогон кандуу окуяларга Синселехо шаарында да күбө болдук. Мен бардык муниципалитеттердин жетекчилеринен жаныбарлардын жана адамдардын өлүмү менен коштолгон мындай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуусун суранам”, – деп билдирген өлкө башчысы.

Эске салсак, жекшемби күнү Колумбиянын Эспиналь шаарында уюштурулган “коррида” оюнунда көрүүчүлөр отурган трибуна кулап 5 адам каза болгон. Кырсыктан ошондой эле 200дөн ашык адам оор жаракат алган. Аталган оюн ыйык Пётр майрамынын урматына уюштурулган.

Интернет желесине тараган видеолордон жыгачтан курулган трибунанын бир бөлүгү кулап, жүздөгөн адамдарды басып калганын көрүүгө болот. Учурда кырсыктын себептери такталып жатканы айтылды.

Иш-чарада букалардын бири аянттан чыгып кеткени жана шаар мэриясы тургундарды сак болууга чакырганы да маалымдалды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь