Россияда иштеген кыргызстандык Тимур Акимов Андрей Малаховдун “Песни от всей души” көрсөтүүсүнө катышты.
Мекендешибиз “Россия-1” телеканалынын эфиринде иш үстүндө ырдаган видеолору аркылуу элге кантип таанылып кеткенин жана үй-бүлөсү тууралуу баяндап берип, кыргыз тилинде Мирбек Атабековдун “Күндөр жаңырат” ырын аткарган.