Самат Абдырахманов: “Чыныгы кыргыздын духун көрсөтө алдым” (видео)

402

Кыргызстандык мушкер Самат Абдырахманов мээлейсиз, муштум менен урушкан Hardcore Fighting Championship уюмунун чемпиону болду. Мелдеш 25-июнь күнү Москвада өттү.

Анда 22 жаштагы Абдырахманов жергиликтүү мушкер Лендруш Акопянды 4-раундда нокаутка кетирип утуп алды.

“Бир жарым жыл мурда арык, узун бойлуу жигиттин өзүнөн 15 кг салмакта чоң мушкерди жеңип алат деп мага эч ким ишенген эмес. Башында эле мен чыныгы кыргыздын духун көргөзөм дегем. Жети беттештен соң мен убадамды аткардым”,- деп сүйлөдү оюн аягында кыргыз мушкер.

Рингде Кыргыз жана Кыргыз Флойд деген каймана ысымдары бар Абдырахманов 7-ирет катар жеңишке жетти. Ал эми Акопян алгачкы жолу жеңилүү ызасын тартты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь