ШААРДЫН ЖОЛДОРУН КАНТИП КУРУУ КЕРЕК. МЫРЗАКМАТОВДУН ТАЖРЫЙБАСЫ

340

(«Байыркы Оштун кайра жаралышы» баянынан үзүндү…)

Өсүп жаткан шаарлардын негизги көйгөйү – бул унаа тыгыны. Статистикалык маалыматтарга таянсак, транзиттик транспортторду кошпогондо бир эле Ош шаарында 200 миңге жакын унаа катталган. Болжол менен айтканда, түштүк борбордун көчөлөрүндө күнүнө 100 миңден ашык унаа кыймылы жүрөт.

Кырдаалды оңдоонун бирден-бир жолу жаңы өтүүчү жолдорду куруу болду. Айтмакчы, 2012-жылга чейин Оштун эли жаңы жолдор эмне экенин билишчү эмес. 1960-жылдары Оштун жолдору жарактан чыккандыктан, андан ары-бери өтүү өтө оор болгон.

Мелис МЫРЗАКМАТОВ мэрлик кызматка келиши менен шаар мэриясынын жамаатына — эски жолдорду капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана жаңы жолдорду салуу биринчи кезектеги милдеттердин бири катары койгон.

Маалымдама:

2009-жылга чейин жалпы жолдорду оңдоого шаардык казынадан 18 миллион сом гана бөлүнгөн. 2010-жылы М.Мырзакматовдун келиши менен унаа жолдорун оңдоого жана жаңыдан курууга 300 миллион сом бөлүнгөн.

Бирок мунун баары Мырзакматовдун келиши менен 1 жылдын ичинде дээрлик 3 эсеге өсүп, биринчи жолу 1 миллиард сомдон ашкан Ош шаарынын бюджетинин көбөйүшүнө байланыштуу болду. Бул олуттуу топ-менеджмент болду.

Мисалы, буга чейин Мажүрүмтал аймагындагы эски чопо үйлөрдүн ордуна бардык коопсуздук стандарттарына жооп бере турган тегиз жана сапаттуу жол төшөлөт деп эч ким ойлогон эмес.

2012-жылы Мелис Мырзакматовдун демилгеси менен бүгүнкү күндө кыргыздын туңгуч генералы Ысакбек Монуевдин ысымын алып жүргөн көчөнүн курулушу башталган. Ал Апсамат Масалиев проспектисинен башталып, Алишер Навои атындагы паркты бойлой агып өткөн Ак Буура дарыясына барат. Жолдун жалпы узундугу 480 метр, туурасы 20 метр, анын 12 метри жүрүүчү бөлүк.

Башында жаңы жолдун жалпы сметалык баасы 110 миллион сомду түзгөн. Бирок, Мырзакматов курулуш иштеринин жүрүшүн жеке өзү көзөмөлдөп, ар бирт эсеп-фактураны текшерип турган. Натыйжада жол шаардык казынага дээрлик 2 эсе арзан, 55 млн 847 миң 400 сомго түшүп, үнөмдөлгөн каражат башка социалдык объектилердин курулушуна кеткен.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Ош шаарындагы Монуев көчөсүнө окшогон сапаттуу жолду таба турган жер аз. Ишке берилген 10 жылдан берки убакта бир да жолу ремонт болгон эмес. Шаардыктар жашоосун бир топ жеңилдеткен Мырзакматовдун жаңы жолуна абдан ыраазы болушкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь