Мал союшка шылтап айыл өкмөт башчыларды кызматтан алыш керек болдубу? – Тазабек Икрамов (видео)

536

Мал союштун шылтоосу менен айыл өкмөт башчылардын кызматтан алынганы туура эмес деп эсептейт депутат Тазабек Икрамов.

Өлүм болуп жаткан жерде, кайгыга батып турушса мал сойбо деп уруша алышпайт экен. Мамлекет тарабынан бирдей айып пулду коюп бериш керек. Союш болгон жерлерде бардык айыл өкмөттөргө эскертүү берилип, экөөнү жумуштан алып салышты. Барын тегиз карашсын деп жатышат. Бул жерде кандайдыр бир кызыкчылык жатат. Мыйзам барына бирдей болуш керек. Же ордуна бирөөлөрдү коюш керек болдубу? Башка айыл өкмөттөрдө да союш болуп жатат, анда барын тең кызматтан алышсын деп жатышат. Бүгүнкү күндүн эң көйгөйү ушул болууда“, – деп сөз сүйлөдү Тазабек Икрамов.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыяланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь