“Көңүлүбүздү көтөрүп”. А. Жапаров депутаттарды каникулга кетер алдында кечки тамактанууга чакырды

443

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын каникулга кетердин алдында тамактанууга чакырды. Бул тууралуу ал парламенттеги жыйында белгиледи.

Айтымында, парламенттин акыркы жыйынына президент Садыр Жапаров да келет.

“Каникулга кетердин алдындагы акыркы жыйынга өлкө башчы да катышат. Жыйында министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү ант беришет. Талант Мамытов менен акылдаштык эле, кечинде жыйындан кийин бир столго чогулуп, бири-бирибиздин көңүлүбүздү көтөрүп, сиздерди күзүндө бир топ маселелер менен келгиле деп узатып коюуга уруксат этиңиздер”, – дейт ал.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь